www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор-Ата шаарында заманбап мунайды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду.
Келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Борбордук Азия энергетикасы» ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү.
Долбоорго жалпы 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылат.
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 450 миң тонна мунай заттарын кайра иштетүүгө ылайыкталат.
Ишкананын ишке кириши менен кеминде 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Алардын 90 пайызы Кыргызстандын жарандары үчүн каралган.
Заводдо экологиялык К-5 жана К-6 стандарттарына жооп берген бензин, дизелдик отун, битум жана мотор майлары өндүрүлөт.
Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.