www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КМШ лидерлеринин Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү бейформал жолугушуусуна Кыргызстандан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, саммит 7-октябрь күнү Константиновский сарайында өтөт.
"Президент Садыр Жапаров иш графигине байланыштуу аталган жолугушууга барбайт. Россия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу өлкө башчынын куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү", — дешти мамлекет жетекчисинин маалымат кызматынан.
Россия лидеринин басма сөз катчысы жолугушууну келерки жумада боло турган КМШ саммитине даярдыктын алкагында жүрө турган өтө маанилүү иш-чара деп атаган.
Булак: "sputnik.kg"