www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Instagram" жана "Threads" социалдык тармактарында белгилүү "predator4407" аккаунтунун администратору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, 1979-жылы туулган жаран А.Д.С. аныкталып, ал КР чегинен тышкары жайгашкан деструктивдүү күчтөрдүн лидерлери менен байланышта болуп, алардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, акыркы учурларда бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга чакырыктар жазылган деструктивдүү мүнөздөгү постторду жана комментарийлерди жарыялоону күчөтүп, ошондой эле мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултуп келген.

Мындан тышкары, А.Д.С. өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карата жарандардын арасында терс пикирлерди жана нааразычылыкты жасалма түрдө жаратуу максатында Instagram жана Facebook социалдык тармактарында 20дан ашык жасалма аккаунт түзүп, алардын жардамында жалпыга маалымдоо каражаттарындагы учурдагы жаңылыктардын астына атайылап провокациялык комментарийлерди калтырган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында А.Д.С. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды жана Конституцияга каршы аракеттерди көздөгөн деструктивдүү күчтөрдүн башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
     

Последние новости