www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Гидрометеорология кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата кызматкерлерди куттуктады.

Министр өз кайрылуусунда Гидрометеорология кызматы бир кылымдык тарыхында чоң өнүгүү жолун басып өткөнүн белгилеп, адистердин эмгеги жаратылыш кырсыктарын алдын алууда жана калктын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын айтты.

Ал Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана башка жаратылыш процесстерин изилдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

«Кыргызгидрометтин аба ырайы боюнча так маалыматтары айыл чарба, туризм жана өлкөнүн башка тармактары үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Бүгүнкү күндө адистердин болжолдоолорунун тактыгы 98 пайызга жетип, бул кызматтын ишине болгон ишенимди бекемдөөдө», — деди Канатбек Чыныбаев.

Министр Гидрометеорология кызматынын кызматкерлерине чың ден соолук, ийгиликтерди жана мындан аркы жетишкендиктерди каалап, алардын кесиптик эмгегин жогору баалады.

Последние новости