www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Тажикстандагы этникалык кыргыз улутундагы 17 жаштагы кыздын кайрылуусу тарады. Юрист Адилет Меркановдун айтымында, ал төрөгөндөн кийин кыздын баласын тартып алышкан, ал эми өзүн Бишкектеги "Ала-Тоо" конушундагы жеке үйлөрдүн биринде кулчулукта кармашкан.
Анын айтымында, кыз качып кетүүгө үлгүргөн. Ош базарынан ал бир аял менен таанышып, ал аял кызды юристке алып барган. Учурда жашы жете элек кыз убактылуу ошол аялдын үйүндө жашап жатат. Меркановдун айтымында, кыз ушул убакка чейин баласын көрө элек. Ошондой эле юрист милицияны аракет көргөн жок деп айыптады.
Ал эми Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын алкагында К.А. аттуу жаран райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Сурак учурунда К.А. жашы жете элек кыздын баласын багып жатканын билдирип, буга кыз баланы өзү таштап кеткенин жүйө келтирген. Ошондуктан ал өзүнө коюлган бардык айыптоолорду четке какты.
Анын айтымында, 2026-жылдын январында жашы жете элек кыз Тажикстандан Кыргызстанга кош бойлуу абалында келген жана апрель айында Чүй облустук ооруканасынын төрөт үйүндө көз жарган. К.А. кош бойлуу кезде ага жардам берип жүргөнүн, аны кулчулукта кармабаганын жана башка да колдоо көрсөткөнүн билдирди.
Ошондой эле К.А. кийинчерээк кыз дайынсыз болуп кеткенин, андан соң аны издөө өтүнүчү менен өзү милицияга кайрылганын айтты.
Мындан тышкары, райондук милиция жашы жете элек кыздын өзүнөн буга чейин эч кандай арыз түшпөгөнүн маалымдады. Ушуга байланыштуу ички иштер органдары юристтин милиция аракетсиз болгон деген дооматын четке какты.
Учурда бул окуя боюнча текшерүү иштери уланууда.