www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ӨКМ билдиргендей, Кыргыстандын аймагында жалпы 6 кар көчкүлөр көзөмөлдө турат.
1. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 3 кар көчкү көзөмөлдө:
Токтогул району. 2026-ж.13.02. саат 05:00дө Торкен-Толук-Сары-Камыш унаа жолунун 67-73-чакырым аралыгы. Жол жабык. Жеринде №23 ЖТИден 3 бульдозер иш алып барууда;
Токтогул району. 2026-ж.13.02. Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымы. Жол жабылган. Жеринде №23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 ХОВО тартылып, саат 12:00дө унаа жолу ачылды;
Чаткал району. 2026-ж.11.02. Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 60-68-90-101—чакырым аралыктары. Жеринде ЖЧК “Жагалмай” 3 жүктөгүч, а/а 1 жүктөгүч иш алып барууда. Акимдин буйругу менен унаа жолу убактылуу жабык жана II даражадагы "Өзгөчө кырдаалдар режими" киргизилген;
2. Чүй облусу боюнча жалпы 1 кар көчкү көзөмөлдө:
Жайыл району. 2026-ж.13.02. саат 12:00 чамасы. Суусамыр а/а Кызыл-Ой айылынын "Бороонду" жайлоосунда 1967-ж.т. Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Жерине КР ӨКМнен жалпы 24 куткаруучу, а/а 2 кызматкер, Кызыл-Ой айылынан 3 адам, жалпы 29 адам тыртылып, жол жүрүүдө;
3. Нарын облусу боюнча жалпы 1 кар көчкү көзөмөлдө:
Жумгал району. 2026-ж.13.02. саат 07:30 чамасы. Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымы. Жеринде №24 ЖТИден 3 кызматкер, 1 жүктөгүч, 2 грейдер, КР ӨКМнин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 3 куткаруучу иш алып барууда. Акимдин буйругу менен унаа жолу убактылуу жабык;
4. Ош облусу боюнча жалпы 1 кар көчкү көзөмөлдө:
Кара-Кулжа району. 2026-ж.13.02. саат 00:00 чамасы. Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун болжол менен 75-чакырымы. Саат 00:50дө бир тараптуу ачылып, учурда жеринде №26 ЖТИден 2 жүктөгүч, кенейтүү иштерин аткарууда.