www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Жоржиядан келген Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Грин бийликти согуш жүрүп жаткан башка өлкөлөргө колдоо көрсөтүп, арам акчаны адалдап жатат деп айыптады. Бул тууралуу ал АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Стив Бэннонго берген маегинде билдирди. 

Конгрессмен өлкө жарандары Ак үйдөн бөлүнгөн акча кайда кетип жатканын билүүгө укуктуу экенин баса белгиледи.

«Ушул акчанын бардыгы ушул мамлекеттерге жөнөтүлгөнүнөн кандайдыр бир өзгөрүүнү көрүп жатасызбы? Жок, эч нерсе өзгөрбөйт», - деди ал.

Анын айтымында, бөлүнгөн жардамды көзөмөлдөө үчүн ал партия мүчөлөрү менен бирге Украинага бөлүнгөн каражатты текшерүү боюнча резолюциянын долбоорун Конгресске мурда сунуштаган. Алар Киевге каражат бөлүү, атап айтканда, аскердик жана жарандык жардам көрсөтүү боюнча бардык документтерди жана талкууларды бекитүүгө алдын ала жөнөтүүнү талап кылышты.

Буга чейин АКШ президенти Джо Байдендин администрациясы өлкөнүн Конгрессинен Украинаны колдоо үчүн кошумча каражат бөлүүгө аракет кылып жатканы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости