www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 2016-жылы туулган Абдуллаев Усман изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 8-сентябрында саат 17:00дөр чамасында «102» кызматына 1970-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кайрылып, небереси Абдуллаев Усман «Чолпон» базарынын аймагында дайынсыз болуп калганын билдирген.
Белгилери жана кийими:
Көк түстөгү футболка;
Ачык түстөгү шорты;
Бут кийими тууралуу маалымат жок.
Бул факт боюнча материал Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жашы жете элек баланын жүргөн жерин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Абдуллаев Усмандын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан төмөнкү телефондор аркылуу милицияга кабарлоосу өтүнүлөт:
☎️ 0 (312) 43-28-15
☎️ 0 (312) 43-32-75
☎️ 102