www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги «Көк-Жар» турак-жай массивинин №172-контурундагы үйлөрдү бузуу иштерине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал сүрдүрүү иштерин убактылуу токтотууну жана бул маселени адилеттүү чечүүнү суранды.
Ал арада Бишкек мэриясы бул маселе боюнча расмий билдирүү жасап, мэр Айбек Жунушалиевдин сунушу Президент Садыр Жапаров тарабынан түшүнүү менен кабыл алынганын жана колдоого алынганын кабарлады. Президенттин тапшырмасы менен жарандарды мыйзам чегинде жана адилет шарттарда турак жай менен камсыздоо чечими ишке ашырылып жатканы айтылды.
“Мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт жана тиешелүү чаралар көрүлөт”, — деп белгиледи мэрия.
Ошондой эле мэрия айрым саясатчылар менен депутаттар бул маселени саясий кызыкчылык үчүн колдонуп жатканын сындап, процесске кийлигишпөөгө чакырды.
“Бул маселе кылдаттыкты, мыйзамдуулукту жана адам тагдырына урмат менен мамиле кылууну талап кылат. Биз конструктивдүү диалогго жана жарандардын укуктарын коргоого умтулабыз”, — деп жазылган билдирүүдө.