www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) Бишкекте ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен кинологиялык кызматтын базасында “Жылуулук булактары объекттерин (субъекттерин) издөө боюнча кызматтык иттерди даярдоо” тобун ачууну сыноодон өткөрдү.
Маалыматка ылайык, кинологиянын кызматтык иттери адамдын дене табын 37 °Cден жана андан жогорулашын сезүүсүн сыноолор далилдеген. Бул тестирлөө Бишкектин окуу бажысынын базасында 45 күн жүргүзүлгөн. Бардыгы 140 машыгуу сааты жана 80% тактыгы менен 10 сокур сыноолор өткөрүлдү. Кинологиялык кызматтык тобу “Манас” эл аралык аэропортунда жайгаштырылган. Тестирлөөгө кийиминин астына дене табынын жогору болгон муляжды катып алган авиажүргүнчүлөр катышышкан. Эки күндүн ичинде топ 4 рейстин авиажүргүнчүлөрү менен иттерди даярдоону ийгиликтүү сынашты.
Кинологиялык кызмат аэропорттогу жүргүнчүлөр менен ыкчам иштөө жана алардын денесинин температурасы жогору болгондорду аныктай алат. Бул кызмат жүргүнчүлөрдү толук текшерүүнүн зарылдыгын белгилейт. Белгилей кетчү нерсе, алар жүргүнчүдө вирустук инфекцияны эмес, болгону дене температурасы нормалдуу диапазондон ашканын ырастайт. Мында температура тез текшерилип, жүргүнчүнүн кечигүү убактысы минималдуу болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Швеция жана Венгрияда ушул тематикага байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында иттердин көрүү, угуу же жыт билүү сезимдери жок болгон учурда алар дененин температурасын аныктай алары белгиленген. Жогоруда айтылгандардын баары эксперименталдык баскычта.
Эскерте кетсек, МБКнын кинология кызматынын адистери, Бишкектеги ЕККУнун Программалык офисинин колдоосу менен, бардык кызыккан агенттиктер жана кызматтар үчүн “Кызматтык иттерди жылуулук булактарынын объектилерин (субъектилерин) издөөгө даярдоо" программасы боюнча кызматтык иттерди үйрөтүүгө даяр экенин билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg