www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КФБ жетекчилери АФКнын 36-конгрессине катышышты

29-апрелде Канаданын Ванкувер шаарында Азия футбол конфедерациясынын Конгресси болуп өттү. Бул иш-чарага АФКнын курамына кирген футбол ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты. Бул иш-чарага ФИФА Президенти Джанни Инфантино да күбө болду. 

Конгресске Кыргыз футбол биримдигинин атынан Башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов катышты. Ал эми, КФБнын Вице-президенти Дастанбек Конокбаев Конгрессте АФКнын Аткаруучу комитетинин катарында болду.

АФК Президенти Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа Конгресстин катышуучуларына кайрылып, өткөн жыл өзгөрүүнүн маанилүү этабы болгонун  белгилеп, континенттеги футболду өнүктүрүүгө болгон биримдик бекемдеп жаткандыгын белгиледи. Ал мүчө ассоциацияларга жана аймактык ассоциацияларга кайрылып, дүйнөдө олуттуу өзгөрүүлөр өкүм сүргөн татаал мезгилде алардын туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. 

«Дүйнөлүк футбол өзгөрүп жаткан шартта АФК бул өзгөрүүлөргө даяр экенин жана ФИФА календарына киргизиле турган жаңыланууларга АФК ийкемдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Бул багытта 2031-2035-жылдардагы АФК Азия Кубогун өткөрүү боюнча арыздарды кабыл алуу процессин убактылуу токтотуу стратегиялык чечим катары кабыл алынып, натыйжалуулукту жана өз ара шайкештикти жогорулатууга багытталган», — деди ал.     

Ошондой эле Шейх Салман конфедерациянын мүчө ассоциацияларына, аймактык ассоциацияларына жана клубдарына багытталган рекорддук инвестициялардын жаңы доору башталганын белгиледи. Бул мүмкүнчүлүк 2025-жылдагы каржылык отчет жана 2027/28-жылдарга бюджеттер АФК Конгрессинде бекитилген кеңири реформалардын негизинде түзүлдү.

Последние новости