www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясы менен Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) социалдык өнөктөштүктү бекемдөө жана эмгекчилердин укуктарын коргоо багытында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Документке Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жана ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков кол койду.
Макулдашуу кесиптик бирликтер менен бизнес коомчулугунун ортосунда конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө, кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоого жана иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин өз ара кызматташтыгын күчөтүүгө багытталган.
Мурадил Джумадилде уулу эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен катар иш берүүчүлөр жана бизнес өкүлдөрү менен натыйжалуу кызматташтык түзүү маанилүү экенин белгиледи.
«Биздин жалпы максатыбыз — бизнестин өнүгүүсү татыктуу эмгек шарттары, кызматкерлердин укуктарынын сакталышы жана алардын социалдык жактан корголушу менен айкалышкан шарттарды түзүү», — деди ал.
Макулдашуунун алкагында тараптар эмгек мамилелери, эмгекти коргоо жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландашууда. Ошондой эле окутууларды, эксперттик жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү каралган.
Мындан тышкары, жаштарга багытталган демилгелерди колдоо, кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөктөшүү, эмгек талаш-тартыштарынын алдын алуу жана социалдык жоопкерчиликтүү бизнести өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулат.
Тараптардын пикиринде, бул кызматташтык Кыргызстанда эмгекчилердин, иш берүүчүлөрдүн жана бизнес коомчулугунун ортосундагы натыйжалуу диалогду бекемдөөгө өбөлгө түзөт.