www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кеңешбек Айтикеев, кечээ 8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу пикирин билдирди.

«Алтын Капалова сүрөтчүлөр музейинде жылаңач аялды «искусство» деп алып чыккан демилгечилердин бири, кантип ушулардан аял затын жакшы нерсеге үгүттөйт деп ишенебиз. Кыргыздын нарк, насилине каршы иш жасап жаткандарды кантип колдойбуз, буларды деги эле НПО дегендердин баарын жоюп салуу керек»- деди Кеңешбек Айтикеев.

Белгилей кетсек, жүрүштү Жеңиш аянтында баштаган топту милиция кармап кеткен. Алардын башында турган «ана» башчылары Рита Карасартова менен Алтын Капалова болгон, бир нече сааттан кийин аларга айып акча салынып кое берилген.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келингендигин «Азаттыкка» билдирген.

Эске сала кетсек, жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости