www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева айрым мектептерде ата-энелерден оңдоп-түзөө иштерине мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталганын билдирди. Анын айтымында, бир нече иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп, айрым мугалимдер кызматынан кеткен.
Министр мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын эскертип, мындай аракетке барган директорлор менен мугалимдерге катуу чара көрүлөрүн айтты.
Ошондой эле Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылына мектептерди утурумдук оңдоого республикалык бюджеттен 404 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи. Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков бул каражат окуучулардын санына жараша бөлүнгөндүктөн, айрым мектептерге жетишсиз болуп жатканын билдирди.