www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан айылында “Илбирс: экологиялык билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи” деген темада “Ак Илбирс ЭкоФест 2026” экологиялык фестивалы өттү.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен Таалайбек Мамбеталиевдин демилгеси боюнча “Илбирс – Жашыл Муун” коомдук фонду уюштурду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жаштар, фольклордук топтор жана жергиликтүү тургундар катышты.

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Динара Кемелова Президенттин Жарлыгы менен ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары аныкталганын жана ал тоо экосистемаларынын абалынын маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Ал ошондой эле 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын ишке ашырылышы жана 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык тууралуу айтып берди. Саммиттин бир күнү Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөгө арналары белгиленди.

Фестивалдын алкагында экологиялык маданиятты жана жаратылышка аяр мамилени жайылтууга багытталган арт-зоналар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, мастер-класстар, сынактар, мелдештер жана маданий программа уюштурулду.

Ошондой эле Кемин районунда клен дарагынын көчөттөрү отургузулду.

Последние новости