www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул маалыматты кеңешчиси Азамат Абсаттаров бүгүн, 12-августта тастыктады.

Ош шаарынын мэри болуп эмгектенип жаткан Т.Сарыбашов борборго 2-августта келген. Ал кызматка киришери замат өз уулун да кызматтан алууга жетишкен.

Келгенинен кеткени тез болгон Сарыбашовдун кызматтан эмнеге кеткени тууралуу азырынча айтыла элек. Тилеке каршы Сарыбашев келгенден бери социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, трайбализм менен ооругандардын талкуусу күчөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости