www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчмөндөр оюндары: Иран 15 медаль утту

Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ирандын спортчулары жалпы 15 медаль — 4 алтын, 3 күмүш жана 8 коло байге алышты.

Алтын медалдарды Реза Гайтаси (таяк тартыш), Сажад Солтани-Нежад («Эң күчтүү адам»), Мостафа Нажефи (гюлеш күрөшү) жана Мостафа Тогани (пахлавани күрөшү) жеңип алышты.

Күмүш медалдар Садек Азаренгге (кураш), Мохсен Мирзаиге (оң кол күрөшү) жана аркан тартыш боюнча Ирандын төрт спортчудан турган командасына ыйгарылды.

Ирандык спортчулар дагы сегиз коло медаль тагынышты. Алар таяк тартыш, алыш, кол күрөшү, ссирым күрөшү, самбо, казак күрөшү жана кореш боюнча байге алышкан.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында расмий медалдык жана командалык эсеп жүргүзүлбөгөнүн билдирди.

Концепцияга ылайык, өлкөлөрдүн жалпы медалдык рейтинги да түзүлгөн эмес.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүп, ага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн спортчулар, делегациялар жана маданият өкүлдөрү катышты.

Оюндун кийинки, VII баскычы Россиянын Татарстан Республикасында өтөт.

Последние новости