www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мектептерине 143,3 миң бала биринчи класска жазылды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.
Бишкек шаарында 25,4 миң бала мектепке кабыл алынды. Анын ичинде 13,5 миңге чукул орун кыргыз тилинде окутуучу класстарда, 11,9 миңден ашыгы — орус тилиндеги класстарда ээленди. Борбор калаада 990го чукул орун бош турат.
Ош шаарында 10,6 миң бала катталды, анын ичинде кыргыз тилинде окутуучу класстарга — 2,7 миңге чукул, орус тилинде — 7,5 миң, өзбек тилинде — 410 бала. Түштүк борбордун мектептеринде 2,2 миң орун бош калууда.
Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына карата квоталардын жалпы саны — 193,3 миң. Дагы 50 миң орун бош турат.
Биринчи класска электрондук жазылуу 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлсө, учурда каттоодо турган жери боюнча эмес, бош орундар калган мектептерге каттоого болот.
Кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы;
алынган эмдөөлөр (прививкалар) тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы.
Окуу жылы 15-сентябрда башталат.