www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«КБ» Эко-резорт эс алуу жайынын ээси, КР жараны Э.Ш.Ж. айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча мыйзамсыз коммерциялык объекттерди куруу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "ЭЭ" ЖЧКсынын директору, "КБ" Эко-резортунун ээси Э.Ш.Ж. Аламүдүн районунун Арашан а/аймагында жалпы аянты 6,1 га болгон жайыт жерлерин өз билемдик менен ээлеп алгандыгы жана капиталдык курулуштарды, тагыраагы 15 конок үйү, банкеттик залдары бар мончолорду, ресторанды, 2 кабаттуу административдик имаратты, банкеттик залды, 3 кабаттуу курулуп бүтө элек имаратты, кабиналарды, беседкаларды жана башка чарбалык курулуштарды курдурганы аныкталган.
Жогоруда аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерисиз курулган, ошондой эле жер участогун трансформациялоо жана кадастрлык органдарда каттоодон өткөрүү жок, бул Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат.
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында эс алуу жайынын ээси кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жогоруда аталган факты боюнча башка шериктештерди, анын ичинде кызмат адамдарынын ичинен дагы аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.