www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Сапардын алкагында Мамлекет башчыларынын тар курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Ынтымак паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган.

Сапарга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы, ошондой эле Кыргызстанда казак киносунун күндөрүн жана Бишкек шаарында үчүнчү Кыргыз-Казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган», - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Последние новости