www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Акмола облусунун Коргалжын районунда «Шоптыкөл» плотинасы жарылып кетти. Бул тууралуу 6-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Гидротехникалык курулуш Сабынды айылынан түндүк тарапта 2 чакырым аралыкта жайгашкан.
Бул калктуу конуш Казакстандын борбору Астана шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашып, анда миңден ашуун адам жашайт.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, полиция жана жол кызматтары тартылды. Иш-чарага министрликтин 170 кызматкери жана 43 техника бирдиги катышууда.
Учурда алар дамбаны бекемдөө, инерттик материалдарды төгүү жана сууну буруу иштерин жүргүзүп жатышат.