www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Жол” фитосанитардык текшерүү постунда карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынан Кыргызстанга ташылып келген 6000 килограмм күрүчкө байланыштуу документтерде дал келбестиктер аныкталган. Тактап айтканда, жүктүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук коштоочу документтердеги маалыматтарга туура келген эмес.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун 3.7-пунктуна ылайык, талаптарга жооп бербеген жүк кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.
Тиешелүү органдар фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана өлкө аймагына карантиндик объекттердин киришине жол бербөө боюнча көзөмөл иштерин улантууда.