www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Щучинск шаарында, турак жайга туташкан бир кабаттуу кафеде газ жарылып, өрт чыккан.
Акмоло облусунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына ылайык, имараттын бир бөлүгү урап түшкөн. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жалпысынан 26 адам жабыркап, 7 киши каза болду. 13 жабырлануучу ооруканага жаткырылып, 6 адам амбулатордук дарыланууда.
Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан имараттан сегиз газ баллонун алып чыгып, 10дон ашык адамды куткарышкан.
Окуянын себептери такталууда. Акмоло облусунун акимиаты каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө бардык керектүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.