www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун (RSF) басма сөз эркиндигине арналган баяндамасында «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарында калды.

Уюмдун 21-апрелде жарыяланган жаңы баяндамасында Казакстан былтыркыга салыштырмалуу бир тепкичке көтөрүлүп, 157-орунга жайгашкан.

Уюм нааразылык акциялардын катышуучуларынын жапырт кармалуусу менен коштолгон былтыркы мөөнөтсүз президенттик шайлоо элдин өз оюн мурдагыдан эркинирээк айтуусуна жол ачты деп эсептейт. «Жарандык коом тарабынан болуп көрбөгөндөй көп санда нааразылык акциялар өтүп, жаңылыктарды онлайн чагылдыруунун сапаты жакшырды. Өз кезегинде өкмөт өзүнүн реформаторлук риторикасына ишенимди камсыз кылуу үчүн компромисске барды», — деп жазылган баяндамада.

Ошол эле маалда изилдөөдө казак бийлиги интернеттеги көзөмөлдү күчөтүп, онлайн аңдуу ыкмасына өткөнү белгиленген. «Өлкөдө жаңылыктар сайттары, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер мурдагыдан натыйжалуураак бөгөттөлүүдө. Блогерлер түрмөгө камалып же психиатриалык ооруканаларга жаткырылууда», — деп жазылган баяндамада.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан быйыл бир тепкичке көтөрүлүп, 82-орунга жайгашкан. Өзбекстан рейтигде 156чы, Тажикстан 161чи, Түркмөнстан 179чу сапта.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости