www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинде кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев баштаган Элчиликтин жалпы жамааты катышты. Бул майрамдык иш-чара ата-бабалардан калган ыйык мурасты даңазалоо жана жаш муундарга улуттук баалуулуктарды өткөрүп берүү максатында уюштурулду.
Бул жылкы майрамдык иш-чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун алкагында өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи К. Базарбаев ак калпак — бул жөн гана баш кийим эмес, ал кыргыз элинин терең тарыхын, философиясын жана улуттук баалуулугун чагылдырган ыйык белги экенин белгиледи.
Майрамдын алкагында Элчиликтин кызматкерлери Астана шаарында жайгашкан айтылуу «Айкөл Манас» эстелигине барышып, кыргыздын улуттук баш кийиминин кадыр-баркын даңазалашты. Ак калпак кийген дипломаттардын бул кадамы боордош Казакстандын борборунда кыргыз маданиятына болгон сый-урматты көрсөтүү менен бирге, эки элдин ортосундагы маданий байланышты бекемдөөгө багытталды.
Ак калпак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет жана 2016-жылдан тарта расмий майрам катары кабыл алынган. Ошондой эле, кыргыз калпагы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.