www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны сыноодон өткөрүп жатышат. Бул тууралуу coronavirus2020.kz Telegram-каналы билдирди.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлигин Илим комитетин биологиялык коопсуздук боюнча Илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары март айынын ортосунан баштап вакцинанын үстүнөн иштеп башташкан. 9-майда биринчи вакцина иштелип чыккан. Ал эми 15-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ал вакцинаны клиникалык текшерүүгө чейинки талапкер вакцина катары өзүнүн сайтына каттаган.

Ошол убакта вакцинаны чычкан, хомяк, келемиш, коен жана башка лабораториялык жаныбарларга сыноо жүргүзүлүп, анын бардык талаптарга жооп бере тургандыгы аныкталган. Билим берүү жана илим министрлигин Илим комитетин биологиялык коопсуздук боюнча Илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары эми вакцинаны приматтарга карата сыноодон өткөрүшүүдө. Бул аяктагандан кийин, вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүшмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости