www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Энергетика министрлиги Ойыл өзөнүнөн беш тоннадай өлүү балык табылганын кабарлады. Айыл чарба министрлигинин адистери суунун үстүндө кычкылтектин жетишсиздигинен балыктар кырылган деп божомолдошууда.

Казакстан Энергетика министрлиги өндүрүш факторлору суунун сапатына таасирин тигизбей турганын билдирди. Себеби Ойыл өзөнү Каспий деңизи менен Урал дарыясынан алыс жайгашкан.

Энергетика министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча өзөндүн Атырау облусун кесип өткөн тилкесинде беш тоннадай балык өлгөн. Окуя болгон жерге адистерден турган атайын комиссия жөнөп кетти. Текшерүү үчүн балык менен суунун курамынан үлгү алынды.

Жергиликтүү аткаруу бийлиги жашоочулардын жардамы менен кырылган балыктарды чогултуу иштерин жүргүзүүдө.

Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"

 

Последние новости