www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын соода министри, вице-премьер Серик Жумангариндин ММКга берген маалыматында «Казакстан Ооганстандын жаңы бийлиги менен кызматташуунун ыңгайлуулугуна» токтолду.

Казак ишкерлери ооган рыногуна даяр продукциялардын экспортун кеңейтүүнүн камында. Ошону менен катар Ооганстандагы бош калган орундарды аныктап, керектүү продукция менен камсыздоонун аракеттерин көрүп жатат.  

Соода министринин айтымында «эки өлкөнүн соода жүгүртү көлөмү 1 млрд долларга жетип, Азербайжан менен Түркмөнстан мамлекеттери менен болгон соода жүгүртүүдөн ашып түшкөн».  

«Саясат саясаты менен, бирок экономика дагы маанилүү. Соода кызматташтыгын кеңейтебиз. Дан эгиндерин, ун, май жеткирүүнүн реалдуу келечеги бар. Эмнеге биз баш тартышыбыз керек? Мындай кызматташтык мамлекетибизге пайда алып келип жатпайбы», - деди Казакстандын соода министр.  

Жакында министр Серик Жумангарин Кабулда гуманитардык жана соода миссиясы менен болгон. Анда 81 вагонго жүктөлгөн, жалпы салмагы 5 403 тоннага жеткен казак гуманитардык жардамын Кабулга ала барган. Гумжардам жеткирнн алкагында ооган элине медикаменттер да таратылган.    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости