www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү “75чилердин каты” боюнча соттук жараян акырындап укуктук талаштан саясий айтышка айланып баратканын айкын көрсөттү. Сот залындагы көрсөтмөлөр, интернетке чыккан видеолор жана парламенттеги кызуу талкуулар буга далил.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев каттын парламентке кантип киргенин, ким кабыл алганын, ким өткөргөнүн майда-чүйдөсүнө чейин айтып, “чөөлөр арстанга кол салды” деп “арстан, шакал” образын жаратты.
Ал эми айыпталуучулардын бир бөлүгү эркиндикте жүрсө, экинчи бөлүгү камакта отурган теңсиздик маселеси, коомду иренжитип жатканы барган сайын күчөөдө.
Ошондой эле, парламент трибунасынан айтылган сөздөрдүн өзөгү, сот чечими чыга электе саясий баа берүү аракети, мындай окуя кайталанбашы үчүн саясий жоопкерчиликти ким алат дегенге жем таштады.
Дегенибиз, сот укуктук баа берет. Сотту өкүмү айыпталуучулардын тагдырын чечет. Ал эми парламент болсо, бул окуяга саясий баа берип, чекит койгусу келүүдө.