www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды.
Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечимдин максаты автомобилдерден чыккан газдар менен атмосферанын булганышын азайтуу аркылуу адамдын өмүрүн жана ден-соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо болуп саналат.
Катализатор унаанын газ чыгаруу системасына кирген эң кымбат элементтердин бири болуп саналат, анын баасы унаанын наркынын 13% жетет. Ушуга байланыштуу, рынокто автомобилдин ушул элементинин эсебинен жакшы киреше алуу максатында кайра сатуу үчүн катализаторлорду ыктыярдуу алып салуу жана уурдоо учурлары көбөйгөн.