www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-мартта Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен “Нур Отан” партиясы башкарган Саясий кеңештин жолугушуусу болуп өтөт. Бул тууралуу “ВЕРСИЯ” билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, жолугушууда быйылкы жылдын коомдук маселелери талкууланат. Бирок, бул жыйын мурункуга караганда маанилүү жана олуттуу болот. Ошондой эле, Казакстандын президенти Токаевди “учуунун обзору” күтүп турат. Ал кызматтан кетүүгө аргасыз болот.

Көпчүлүк эксперттердин айтымында, өлкөдөгү окуялар: дунгандар менен болгон конфликт, Агадилдин өлүмү жана болуп жаткан митингдер бийликти катуу тынчсызданттырды жана Назарбаевди күтүлбөгөн жерден кайра бийликке кайтып келүүсүнө түрткү берип жатат. Бирок, бул азыркы президент Токаев болуп жаткандарга күнөөсү бар экенин жана маселелерди чече албаарын моюнуна алганда гана болушу мүмкүн. Албетте, андан кийин өз калоосу менен кызмат ордунан кетет. Ал орунга көп жылдан бери башкарып келе жаткан жана бул кызмат өзүнө жарашып турган адам келет.

Жыйын ушундай жол менен болушу толык ыктымал экенин эксперттер айтат. Себеби, ызы-чуу чыгарган элди тынчтандырат жана Назарбаевге кайра бийликти колуна алуусуна жардам берет. Президент катары өлкөдө болуп жаткан нерселерге жооп бериш керек. Ал болгону Назарбаевдин буйруктарын аткарган бир куурчак болуп саналат жана аны далилдөө мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости