www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата күч органдарынын кызматкерлерин сыйлоо салтанатында КМШдагы, анын ичинде коңшу өлкөлөрдөгү чыр-чатактар тууралуу да учкай айтып өттү.
«Кырдаал курчуп кетти» деген президент өлкө армиясына жана бардык күч түзүмдөрүнө тышкы коркунучтарга дайым даяр турууну тапшырды.
«Казактар мал баккан, эч кимге зыян келтирбеген өлкө. Бирок … Бирок бул улуттук кызыкчылыкка туура келсе, биз карап отурбайбыз. Биз ар кандай иш-аракеттерге туруштук бере алабыз. Буга биздин армия жана бүтүндөй коопсуздук күчтөрү даяр болушу керек. Анын үстүнө, акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө көптөгөн чыр-чатактар болуп жатпайбы», — деди Токаев.
Токаевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо тутумун реформалоо иштери башталары айтылды.
«Аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы өсүп, аларды социалдык жактан коргоо да акырындап жакшырууда. Мамлекет аскер кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурат», - деп билдирди Казакстан президенти.
Эскерте кетсек Тажикстан Кыргызстандын Баткен облусунуна кол салган.
Булак: NazarNews.kg