www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди министрлер кабинетинин жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын.

Эгемен мамлекетибиздин коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан сактоо канчалык татаал, оор милдет экенин жалпы элибиз жакшы билет. Сиздердин кызмат интеллекттин жана мекенчилдиктин абдан жогорку деңгээлин талап кылат. Сиздер мамлекеттин, мамлекеттүүлүктүн өтө бекем түркүктөрүнүн бири болосуздар. Тактап айтканда акыркы чеп катары мамлекетти сактап турасыздар.

Алыстан абайлап келе жаткан жоону да, жакында жашынып алган, элибизди бузуп жара турган ички душмандарды да алдын ала кыраакылык менен байкап, алардын жолун бууганга, кайра качырып кирип кууганга сиздердин потенциал толук жетише турганын көп ирет далилдедиңиздер.

Коррупцияга каршы катаал күрөштүн натыйжасын калың журтубуз канааттануу менен белгилеп жатат. Коррупционерлер кылмыш жообуна тартылып, уурдаган каражаттары мамлекеттин казынасына кайтарылып жатканы коомчулукта резонанс жаратууда.

Коррупцияга каршы күрөштүн ийгиликтүү натыйжасы кылмыштын башка түрлөрүнүн жолуп бууп, айрым коррупционерлер сатып жаткан индульгенцияларды жокко чыгарып, аларды финансы булактарынан ажыратты. Укук коргоо органдары, расмий саясий күчтөр менен теңтайлашып, тизгин талашып жүргөн криминал авторитеттери качаарга жер таппай кайсалактаганы да сиздердин аракетке байланыштуу. Андыктан сиздерге тагылган ыйык милдетти татыктуу аткарып жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.

Мындай алгылыктуу иштердин натыйжасында өлкөбүздө туруктуулук орноп, мамлекеттин ырааттуу өнүгүшүнө шарт түзүлдү. Кошуна өлкөлөр менен чек ара жана башка орчундуу маселелердин чечилиши да элибиздин эңсеген максатына – бейпилдиктин орношуна жеткирди.

Мындан сырткары, тамырлашып кеткен уюшкан кылмыштуулукту түп-тамырынан бери жок кылууга багытталган татаал ишиңиздер да ийгиликтүү улантылып жатканын ыраазычылык менен белгилейм. Ушундай аёосуз күрөштүн натыйжасында өлкөбүз жакынкы келечекте алдынкы коопсуз өлкөлөрдүн катарынан орун алат деген ишеним бар.

Илгертеден атайын кызматтын өзөгүн түзүп келген чалгындоо, чалгындоого каршы күрөшүү, эл аралык терроризмге, экстремизмге жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көп ийгиликтер болду жана ушул темп, ушул дем сакталат деп ишенем.

Улуттук коопсуздук органдарынын өзүнүн Академиясы болгону бир жагынан бул иште эгемендүүлүктү камсыз кылып, экинчи жагынан бизге гана тиешелүү өзгөчөлүктөрдү эске алган окуу курстарын уюштурууга жол ачып, кесипкөй жогорку квалификациялуу кызматкерлердин катарын толуктоого шарт түзөт.

Акыркы жылдардагы экономикалык реформалардын ийгилиги коомдун бардык тармактарына таасирин тийгизип, анын ичинде Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын олуттуу жакшыртууга да мүмкүндүк пайда болду. Борбордук аппараттын жаңы имараты, ошондой эле бардык аймактарда административдик имараттар, көп кабаттуу кызматтык үйлөр, бала бакчалар курулду. Ошону менен бирге кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлүп, жакынкы аралыкта кызматкерлерди кызматтык үй менен камсыздоону толугу менен чечебиз деген ишеним бар.

Мамлекетибиздин коопсуздугуна, элибиздин бейпил турмушуна арнаган ары татаал, ары сыймыктуу кызматыңыздарда дайыма ийгилик болсун.

Сиздерге бакубат ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм.

Эгемен өлкөбүз өсүп өнүгө берсин!”.

Последние новости