www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегиясына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүүнүн көрсөткүчтөрү, милициянын иш-аракеттерине санариптик технологиялардын киргизилиши, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. 

Өз кезегинде коллегиянын катышуучуларына кайрылган Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин өздүк курамына жыл бою болгон көптөгөн жогорку деңгээлдеги эл аралык сапарларда коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өзгөчө белгилегендей, Ички иштер министрлигинин мамлекеттик түзүлүштөгү ролу өтө маанилүү, анткени ведомство калк менен түздөн-түз иштеп, мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууда. 

Минкаб төрагасынын айтымында, өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук мамлекетке кубаттуу экономикалык секирик жасоого мүмкүндүк берген негиз болуп калды, анткени коомдук коопсуздук болбосо улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес болчу. 

Адылбек Касымалиев ошондой эле 2025-жыл тарыхый учур болгонун белгиледи. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашты, бул 2020-жылдын деңгээлинен дээрлик беш эсеге көп. Бул жылыш факторлордун айкалышынын натыйжасында мүмкүн болду, анын негизгиси - динамикалык экономикалык өсүш. 

Адылбек Касымалиев сөзүн жыйынтыктап жатып, Ички иштер министрлигинин өз ишинде ийгилик көрсөткөн кызматкерлерине министрлер кабинетинин төрагасынын Ардак грамоталарын жана ыраазычылыктарын тапшырып, милиция кызматкерлерин иш темпин сактап, кыраакы болууга чакырды, коомдук тартип Кыргызстандын мындан ары гүлдөп-өсүшүнүн жана ар бир жарандын бакубат жашоосунун ачкычы экенин баса белгиледи.

Последние новости