www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каспий деңизинин суунун деңгээли акыркы жылдары тездик менен төмөндөп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Океанология институтунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 1996–2025-жылдары Каспий деңизинин суу бетинин аянты 7,4%га, башкача айтканда 28,6 миң чарчы чакырымга кыскарган. Бул аймактын көлөмү болжол менен Албаниянын аянтына барабар.
Окумуштуулардын маалыматына караганда, деңиздин деңгээли 1995-жылдан бери үзгүлтүксүз төмөндөп келет. Акыркы 30 жыл ичинде анын орточо тереңдиги 3 метрге жакын азайган.
Адистердин айтымында, суунун тартылышы кеме каттамына, порттордун ишине терс таасирин тийгизип, жээк тилкеси калктуу конуштардан улам алыстап баратат.
Изилдөөнүн башкы автору Андрей Костяной белгилегендей, тайыздануу токтобостон, тескерисинче тездеп жатат. Эгер 2005–2019-жылдары деңиздин деңгээли жылына орточо 8,2 сантиметрге төмөндөсө, 2020–2024-жылдары бул көрсөткүч дээрлик үч эсеге өсүп, 22,7 сантиметрге жеткен.
Окумуштуулардын болжолуна ылайык, кылымдын аягына чейин Каспий деңизинин деңгээли дагы 2 метрден 21 метрге чейин төмөндөшү мүмкүн.