www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунааны алдамчылык жолу менен ээлеп алган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургуну милицияга кайрылып, аз тааныш адам автоунаасын сатып берүүнү убадалап, ишенимине кирип, унааны алып кеткенден кийин байланышка чыкпай калганын билдирген.

Тергөөдө шектүү автоунааны ломбарддардын бирине күрөөгө өткөрүп бергени аныкталган. Натыйжада жабырлануучуга 12 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1983-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал 16-июлда кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициянын маалыматына караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат.

Учурда тергөө улантылып, анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экени такталууда.

Последние новости