www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин журналист Эламан Кармышаков көптөн бери өзүн элдик дарыгер атаган Замир Акжолбекович атуу жарандын былыктарын ашкерелеген иликтөө жүргүзүп келет. 

Натыйжада, дээрлик эки жылдан бери иштеп жаткан “Замир Кахрамон” аталышындагы жеке табыптык кылган жай ачып, элдерди дарылап, ар кандай чөптөрдөн жасалган дарыларын сатып келген ишмердүүлүгүнө тыюу салынды.

Укук коргоо органдары Замир Акжолбековичтин берген дарыларын ичип ден соолугуна, өмүрүнө зыян келгени боюнча үч адамдан арыз түшкөнүн белгилешип, анын табыпчылык кылган жайына мөөр басып, жаап кетишкен.

Эң өкүнүчтүүсү өзүн элдик дарыгер атаган Замир Акжолбековичти даңктап, айга-күнгө теңеп, “олутту илдет менен келип айыгып жыргап калдым” дешип, бир топ белгилүү ырчы-чоорчу, диний ишмер, спортчулар анын “Торпедо” аталышындагы  жана башка дарыларын башкаларга сунуштап видео-жарнамаларды кылып келишкен. Мына ушулардын дагы жоопкерчилиги каралса туура болмок.

Арийне, Каржы министри Алмаз Бакетаев дагы бул “шылуундук” көрүнүшкө аралашып алганын Эламан Кармышаков белгилеп: 

- Башкалар го мейли, Финансы министри Алмаз Бакетаев ушунун жарнамасына аралашпай эле койсо болмок экен. Негизи өлкөдө табыптарды жарнама кылууга тыюу салынган. "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамынын 22-беренесинде төмөндөгүдөй норма бар: 

3. Жалпы табыпчылык сеанстарын өткөрүүгө тыюу салынат

4. Табыпчылыктын методдорун жана каражаттарын жарнамалоого, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарнамалоого тыюу салынат, - деп жазды. 

Ырасын айтканда, министрдин элдик дарыгермин дегендин дарыларын жарнама кылгандай жанына анча эмне күч келди экен?

Булак: NazarNews

Последние новости