www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын күч алышына байланыштуу балдардын абалы Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө турат.
"Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу министрлигинин уруксатысыз эле билим берүү процесси онлайн форматына которулат. Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт.
Учурда республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинде", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, азыркы тапта билим берүү уюмдарында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.