www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Ажыбеков “Кабар” агенттигинин түз эфиринде Ысык-Көл облусунда мектеп окуучуларынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, окуя Каракол шаарындагы Кадыр аке Байсары уулу атындагы мектепте болгон.
“Бул боюнча 28-сентябрда Каракол шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал сабак учурунда 7-класста окуган небереси (кыз бала) ур-токмокко кабылганын айтып, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө жаңжал окуучулардын орун талашуусунан улам келип чыкканы аныкталды.
Аталган факты боюнча окуянын катышуучулары тергөөгө камсыздалып, учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет”, - деди ал.
Ошондой эле укук коргоо өкүлү учурда мектептерде ушул сыяктуу окуялар көп катталып жатканын айтып, буга байланыштуу аймактарда мектеп директорлору, мугалимдер жана ата-энелердин катышуусу менен жыйындар өткөрүлүп жатканын кошумчалады.
“Биз ушул сыяктуу окуяларда мугалимдер менен эле милиция кызматкрелеринин эмес, ата-энелердин дагы жоопкерлчилиги күчөтүлүшү керек деп суранганбыз. Анткени, ата-эне эрте менен жумушка кетип, кечинде келип, көп учурда балдар кароосуз калып, көзөмөлгө алынбай калып жатат. Биз дагы бир жолу ата-энелерден балдардын коопсуздугуна көбүрөк көңүл буруусун суранабыз”, - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда окуучу бала кызды ур-токмокко алып жаткан видео тарап, ал интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууланган.