www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда ыйык Рамазан айына карата дин кызматкерлери арасында кайрымдуулук иштери башталды. Бул тууралуу райондун баш имам-хатиби Абдирашит Батыров билдирди.

Анын маалыматына караганда, алгач «Аль-Ийман» мечитинин имамы Хамидулло Турсунов үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Савай айыл аймагындагы көмүр исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарынан кабар алып, көңүл айтып, азык-түлүк тапшырган.

Ошондой эле, «Шейх Алаудин Мансур» мечитинин жамааты үйү жок, кинотеатрдын бир бөлмөсүндө убактылуу жашап жаткан үй-бүлөдөн кабар алып, акчалай жардам көрсөттү.

«Алдыда да бир нече имам колунда жок, муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтмөкчү», - деп кошумчалады Батыров.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда Орозо 11-мартт башталат. 10-мартта таравих намазы окула баштайт.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости