www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунун жарандары ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учурашкан. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, алдамчылык боюнча 1985-жылы туулган Ж.Ж. жана 1990-жылы туулган Х. уулу Ө. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалышкан.
Анда, 1978-жылы туулган Н.З. жана 1991-жылы туулган Ө.С. аттуу тургундар арыз менен кайрылышкан.
2025-жылдын июль айында «Ж» жана «Ө» аттуу жарандар кум карьерине лицензия берүү үчүн 2 625 000 (эки миллион алты жүз жыйырма беш миң) ошондой эле экинчисинен 700 000 ( жети жүз миң) сом акча каражатын алып, лицензияны жана акча каражатын кайтарып бербей, алдап келишкендигин билдиришкен.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары уланууда. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.