www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы социалдык турак жайдын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024–2025-жылдары Кара-Көл шаарынын «Жетинчи» кичи районунда 32 муктаж үй-бүлөгө арналган көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктаган. Бирок курулуш жана жасалгалоо иштерин жүргүзүүдө тендер өткөрүү тартиби, курулуш нормалары жана техникалык көзөмөл боюнча мыйзам талаптары бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 9 млн 985 миң 400 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө алкагында Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы, курулуш боюнча мурдагы адиси жана курулушка техникалык көзөмөл жүргүзгөн адис кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Последние новости