www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтадагы шаардык сейил бакка көрүнүктүү акын Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылды. Мындай демилге жергиликтүү депутаттар тарабынан көтөрүлүп, чечим Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясында бир добуштан кабыл алынды.

2026-жылдын 21-мартында бул жаңычыл — кыргыз акынынын 111 жылдыгы белгиленди.

Алыкул Осмонов кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Ата-энесинен эрте айрылып, балдар үйлөрүндө тарбияланган. Кыска өмүрүндө ал көптөгөн поэтикалык жыйнактарды басып чыгарып, бир нече драмалык чыгармаларды жазган.

Акын ошондой эле Александр Пушкиндин «Евгений Онегин», Уильям Шекспирдин «Отелло», «Он экинчи түн», Иван Крыловдун тамсилдеринин жана Грузин акыны Шота Руставелинин"Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын жогорку көркөмдүктө кыргызчага которгон. Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында катуу ооруп жатканда, жашоону, сүйүүнү жана чыгармачылыкты даңазалаган эң мыкты чыгармаларынын айрымдарын жараткан.

Алыкул Осмонов музейи — бул көрүнүктүү акын жана драматургдун туулган жери Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында жайгашкан.

Последние новости