www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жапондордун «Фукуока» технологиясын колдонуу менен заманбап таштанды полигонун куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Долбоор экологиялык жүктөмдү кескин азайтууга жана таштандыларды башкаруунун заманбап стандарттарына өтүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет, Азия өнүктүрүү банкынын жана Жапон фондунун өкүлдөрү менен болгон жумушчу жолугушуунун алкагында долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анын ичинде «Фукуока» технологиясын киргизүү, гранттык каржылоону тартуу жана техникалык колдоо көрсөтүү каралды.
«Фукуока» технологиясы таштандылардын табигый ажыроо процессин тездетет, уулуу фильтраттардын пайда болушун азайтат жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алат. Салттуу полигондордон айырмаланып, ал өзүнөн-өзү өрттөнүү коркунучун минималдаштырат жана жагымсыз жыттардын жайылышын кыйла азайтат.
Долбоорду ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
*топурактын жана жер астындагы суулардын булганышын азайтууга
*тургундар үчүн санитардык коопсуздукту жогорулатууга
*өлкө боюнча ушундай чечимдерди киргизүү үчүн модель түзүүгө
Заманбап экологиялык технологияларга өтүү жарандардын ден соолугун коргоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл шарт болуп саналат.