www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаары, Космонавтов көчөсүндөгү үйүндө күйөөсү П.Аны өлтүргөнүн билдирген.

Бул факт катталып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу чыгарылган.

Окуя болгон жерден төмөндөгүлөр аныкталган, 2026-жылдын 11-мартына караган түнү саат 00:00 чамасында жогорудагы даректе 1968-жылы туулган У.В. аттуу жаран, 1971-жылы туулган П.А. аттуу күйөөсү менен үйдө болгон. Алар спирт ичимдиктерин бирге ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик чыккан. Андан соң күйөөсү У.В.-ны сөз менен кемсинтип, моралдык-психологиялык басым кылган.

У.В. залда эс алып жатканда күйөөсүнүн кемсинтүүлөрү ага катуу кыжырын келтирген. Ал ашканага барып, бычак алып келип, диванда отурган күйөөсүнүн мойнун кескен. Андан соң аны паласка сүйрөп түшүргөн. Күйөөсү П.А. алган жаракаттардан ошол жерде көз жумган.

Окуя болгон жерден бычак алынып, П.Анын денеси моргго жөнөтүлгөн жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

1968 жылы туулган У.В. шектүү жаран, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн иштери уланууда.

Последние новости