www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкаруучусунун атын жамынган, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
15-июлда УКМК президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин атын пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча 1993-жылы туулган жаранды кармады.
Тактап айтканда, жаран Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, «Көчмөн сити» турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушуна подряддык жумуштарга уруксат берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 100 миң АКШ долларын алганы аныкталган.
Мындан улам, шектүүнүн кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчалар, ошондой эле Туманбаевге жазылган жасалма жазуу түрүндөгү кайрылуулар табылган.