www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор Каныбек Осмоналиевдин жүрөгүнө так салган 2-март тууралуу эскерүүсү:

Бүгүн 2-март, 2022-жыл. Бул дата менин өмүрүмдөгү эң маанилүү дата. Мындан толук 2 жыл мурда, б.а. 2020-жылдын 2-мартында биз, Садыр Жапаровдун күйөрмандары Ала-Тоо аянтында, анын эркиндигин талап кылып, тынчтык митингин уюштурганбыз! Беш миңге жакын жарандар Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан келишкен. Азыркы президент Садыр Жапаровдун жанындагылардын бири дагы аянтка келген эмес. Анын бир тууган агасы Сабыр жана иниси Дөөлөт гана жанымда жүрүштү.

Мен бул күндү өзүмдүн саясий өмүрүмдөгү эң оорчундуу күн деп эсептейм. Бул аракетиме өкүнбөйм. Анткени, биз акыйкаттык деп чыкканбыз. Бирөөлөргө дооматым деле жок. Бул биздин тарых. Азыр "Менин өмүрүм жана көз карашым" аттуу китебимдин 2-томунан ушул күндү чагылдырган жеринен үзүндү берип коёюн:

- Саат 17.00 гө жакын бутума тура албай калдым. Төрт сааттан ашык митингдин модератору болуп жаттым. Толкуган элди башкаруу кандай кыйын экенин ошондо түшүндүм. Бирок, бир дагы провокацияга мүмкүнчүлүк бербедик. УВД менен УКМКнын "агенттери" 2-3 жолу провокация кылып көрүштү. Аларды эл өздөрү эле тынчытып коюп жатты. Артымда турган уулум Бабурга суу алып келчи десем: "Болду жетишет. Сиз азыр спикерликти тиги бакырып жаткан Бакайга бериңиз дагы, мен Сизди үйгө алып кетем. Тамак ичип алып, бир аз эс алгандан кийин кайра келебиз. Элдин сизден үмүтү чоң экен! -деди. Макул болуп микрофонду Бакайга бердим. Бакай элге кайрылып: "Каныбек агайга уруксат берели чарчап калды, чай ичип алып кайра келет!"- деди. Эл толкуп кол чабышып мага ыраазычылык билдиришти. Кайра келүүмдү талап кылышты.

Биз уулум экөөбүз Тыныстанов көчөсүнө чыксак, кызым Айгерим машинасы менен күтүп туруптур. Бабур бизди узатып коюп, өзү аянттагы абалды көзөмөлдөө үчүн кайра кетти. Кызым экөөбүз Шевченко көчөсүндөгү бир бөлмөлүү батирибизге келдик. Айгерим күйпөлөктөп мага кофе жасап жиберди. Кофени бир - эки уурттаганда эле эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Кызым ачты. Жалмаңдаган, спортсмен эки жигит кирип келишти. Алдындагысы мага кайрылып: "Агай аянттагы митингчилер сиз кеткенден кийин эле Ак үйгө чабуул коюп киришти! Кан төгүлбөсүн. Өзүңүз барып сөз сүйлөп коюңуз, аларды басыңыз !" - деди.

Мен камаларымы дароо эле түшүндүм. Кызым коркуп калбасын деп: "Макул кеттик, Айгеришка сен үйдө кала бер!" - дедим. Кызым дагы өзүмө окшогон өжөр да: "Жок мен дагы сиз менен барам!"- деп, биз менен кошо жөнөдү. Көчөгө чыктык. Оперлердин машинасына отурдук. Дароо эле УКМКнын кеңсесине айдашты. Кызыма акырын шыбырадым: "Сен коркпо, алтыным. Азыр мени камашат. Бул акмак бийлик эчактан бери эле мени аңдып, күтүп жүргөн. Ошол күн мына бүгүн келди. Сен апаңа айтып кой. Коркпосун, ыйлабасын. Менин эч кандай күнөөм жок! Бир дагы арыз жазбагыла. Өзүм акталып чыгам. Ушуну менен элге жек көрүнгөн бийликтин күнү бүттү!" - дедим.

Кызым мени таң калтырып, унчукпай баардык сөзүмдү кунт коюп укту. Бир гана суроосу эсимде: "Вас не бьют?" - деп көзүнөн жаш тегеренип кетти. Мен: "Перестань, доча, за что они меня должны бить. Я же не вор как некоторые которые сейчас сидят в Белом доме. За то что я защищал права Садыр байкеңи. Он же великомученик. Не за что сидит. Если даже бьют, я же стойкий аточик. Не переживай!" - дедим.

Машинанын алдында отурган опер бизди карап күлүп койду. Аңгыча эле менин телефонума "Азаттыктын" активдүү кабарчысы Бакыт Асанов деген жигит чалып калды: "Агай сизге суроо берсем болобу, кайдасыз?" - деп. 

Мен: "Азыр УКМКга кирип бара жатабыз!" -дегиче болбой эле, алдыда отурган алаңгазар жигит колумдан телефонду жулуп алды... 

Ошентип, оперлер кызымды дарбазанын алдына түшүрүп коюшуп, эки эргул УКМКнын ичине мени түрткүлөгөн боюнча алып кирип кетишти. Мен узун бойлуусуна айттым: "Ай адам болгулачы, кызымын көзүнчө түрткүлөбөй жөн эле бассаңар болбойбу" - десем тиги эргул кыжыры келип дагы түртүп жиберди. Жыгылган жокмун. Кызыма карасам көрүнбөй калыптыр. ... (уландысы бар).

Каныбек Осмоналиев, профессор

Булак: NazarNews.kg

Последние новости