www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бийлик десе жантыгынан жата калган «кайберен-саясатчылар» шайлоонун шарапаты менен коомчулукту чайпалтууга киришишти», - деди бүгүн, 24-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, элди төртүнчү төңкөрүш менен коркутуп аткан чагымчыл күчтөр чыга баштады. Алардын максаты эмнеде, шайлоону шылтоолоп бийликти басып алуубу?

- Кезектеги төңкөрүштөн Жараткан өзү сактасын! Эл тажап бүттү! Өлкөнүн стабилдүүлүгүн ойлоп, аны көздүн карегиндей сактап туруу ар кандай эле бийликтин эң биринчи милдети. Ал үчүн адилет кадр саясаты, чапчаң кыймылдап чечилген социалдык-экономикалык маселелер, коопсуздук маселеси, чек-аранын бекемдиги, ж.б. толгон-токой түйшүктүү иш-чаралар тынбай аткарылып туруусу зарыл.

Ушу көйгөйлөр туура чечилсе эле карапайым калк эч кандай саясат менен иши жок болуп калат эле. Азырынча, тилекке каршы, андай эмес. Анан, албетте бийлик десе жантыгынан жата калган «кайберен-саясатчылар» учурдан пайдаланып, шайлоонун шарапаты менен коомчулукту чайпалтууга киришишти. Бул аракеттерди курулай эле түрмөлөргө камоолор менен чечип коюу туура болбой калат.

Элдин үшүн алып коём деген ойлордун же кадамдардын эч кандай келечеги жок! Акыл калчап, бардык саясый күчтөрдү консолидацияга тартуу керек. Анткени, алдыбызда абдан зор саясый иш-чара турат. Бул - парламенттик шайлоо. Менимче, тез аранын ичинде БШКны дагы бир жолу карап чыгып, анын иш пландарын элге ачык жарыялап, катуу талаптарды коюу абзел.

Керек болсо, чукул арада эле элдин ишенимине кирген министрлер кабинетин жаңылап түзүп, анын составына бардык саясый күчтөрдүн өкүлдөрүн кийирип, анан гана шайлоого аттанса деле эмнеге болбосун? Ошого кирген баардык партиялар жооптуу болуп калышат эле го? Убакыт азыр стабилдүүлүктү орнотууга каршы иштеп жатат. Шашылуу керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости