www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Исаков ЖРТ качан өтүлөрүн айтты

Жалпы республикалык тестирлөө 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков брифинг учурунда билдирди.

“4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, - деди Каныбек Исаков.

Ошондой эле, ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу ЭТАПТАРЫ:

- каттоо 4-15-майда аяктайт;
- 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
- 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
- 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
- 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
- ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
- 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
- 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
- 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости