www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетеүү өнөр жайы министринин орун басары Р.К. Балтабаев, МЭК САР өкүлү, ошондой эле Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын «Кант» кластери боюнча жетекчиси Алмазбек Алтыбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кант өндүрүшүнө, анын ички рынокто сатылышына, ошондой эле тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өзгөчө көңүл бааларды жөнгө салуу механизмдерине жана рыноктун туруктуулугун камсыздоого бурулду.
Белгиленгендей, учурда кант рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда. Ошол эле учурда жыйындын катышуучулары тармактын мындан аркы өнүгүшүнө таасир этүүчү айрым тобокелчиликтер бар экенин белгилешти. Бул тобокелчиликтер кеңири каралып, аларды азайтуу боюнча мүмкүн болгон чаралар талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар кант тармагындагы туруктуулукту камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында мындан ары да өз ара кызматташууну жана аракеттерди координациялоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.